КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXVIII сессиясы
2024-жылдын 17-сентябрындагы № 28-48/4
Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кыймылсыз мʏлкʏ жана курулуштары бар жер тилкесин кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXVIII сессиясы,
токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кʏчтѳрʏнʏн №92784 аскер бѳлʏгʏнʏн кыймылсыз мʏлктѳрʏн, курулуштарын жана жер тилкелерин тактоо менен, Каракол шаарынын мэриясына кабыл алууга макулдук берилсин.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи орун басары Т.Ж.Асирдинова