Редакцияот 16.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 16-декабрындагы № 1

 

“Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И. Ленин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу үчүн 2023-жылдын үлүштук дем берүүчү грантына Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары 1.500.000 (бир миллион беш жүз миң) сом 2022-жылдын жыйынтыгы менен кирешеден ашкан(превышениия) акча каражатынан карап берүү жөнүндө”

Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И. Ленин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу үчүн 2023-жылдын үлүштук дем берүүчү грантына Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары 1.500.000 (бир миллион беш жүз миң) сом 2022-жылдын жыйынтыгы менен кирешеден ашкан(превышениия) акча каражатынан карап берүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап Ленинполь айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын 14-кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И. Ленин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштырууга үлүштук дем берүүчү грантына Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары 1.500.000 (бир миллион беш жүз миң) сом 2022-жылдын жыйнтыгы менен кирешеден ашкан (превышения) акча каражатынан бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Байдулатовго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

К.Атантаев