Редакцияот 16.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 16-декабрындагы № 6

 

“Бакай-Ата айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу” наамын Байышова Таалайкүль Төлөновнага ыйгаруу жөнүндө”

Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы “ Наристе” балдар бакчасынын тарбиячысы Байышова Таалайкүль Төлөновна 44 жылдык эмгегин жана аталган мекеменин жамаатынын сунуштамасын карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 14-кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы “ Наристе” балдар бакчасынын тарбиячысы Байышова Таалайкүль Төлөновнага Бакай-Ата айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн Башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

К.Атантаев