Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 3-февралындагы № 1

 

“Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча финансалык отчетун бекитүү жөнүндө”

 

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча финансалык отчетун бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин финансалык отчету: кирешеси боюнча план 37.254.8 миң сом аткарылганы 37.371.5миң сомду түзүп план 100.3% га, чыгашасы боюнча план 47.651.8 миң сом аткарылганы 31.341.7 сомду түзүп план 65.77% аткарылгандыгы эске алынсын.

2. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча финансалык отчету канаттандыраарлык деп табылсын.

 

 

 

Төрага

 

К.Атантаев