ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-февралындагы № 1
“Бакай-Ата райондук борборлоштурулган ооруканасынан чыккан кургак медициналык калдыктарды төгүүчү жай менен камсыз кылуу үчүн жер аянтын бөлүштүрүп берүү жөнүндө”
“Бакай-Ата райондук борборлоштурулган ооруканасынан чыккан кургак медициналык калдыктарды төгүүчү жай менен камсыз кылуу үчүн жер аянтын бөлүштүрүп берүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын 2- кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлер категориясына караштуу № 446-контурунан 55.0-м2 жер аянтына Бакай-Ата райондук борборлоштурулган ооруканасынан чыккан кургак медициналык калдыктарды төгүүчү жай курууга макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтын которуу (трансформациялоо) жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Атантаев |