ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-февралындагы № 6
“Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И. Ленин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу үчүн Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары 1.500.000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен карап берүү жөнүндө”
Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И. Ленин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу үчүн Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары 1.500.000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен карап берүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап Ленинполь айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын 2 -кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагындагы В.И. Ленин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу үчүн Бакай-Ата айыл өкмөтү тарабынан өздүк салым катары 1.500.000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Атантаев |