БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII– чакырылышынын кезексиз XVII – сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 18
Ношкен айылындагы Үй бүлөөлүк даарыгерлер тобунун имаратына жылытуу системасын киргизүүгө акча каражатын кароо жөнүндө
АРИС тарабынан ремонттолуп жаткан Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылындагы Үй бүлөөлүк даарыгерлер тобунун имаратынын жылытуу системасы АРИС тин сметасына киргизилбей калгандыктан, имараттын ремонтун толук бүткөрүү үчүн жылытуу системасына кошумча керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. АРИС тарабынан ремонттолуп жаткан Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылындагы Үй бүлөөлүк даарыгерлер тобунун имаратынын жылытуу системасы АРИС тин сметасына киргизилбей калгандыгын эске алып, имараттын ремонтун толук бүткөрүү, курулуш иштерин аягына чыгаруу максатында жылытуу системасына кошумча керектелген 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюжеттин эсебинен каралсын.
3.Жогоруда ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жана каралган акча каражатын натыйжалуу пайдалануу жагын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков