Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV отурумунун

 

2023-жылдын 28-ноябрындагы № 24/3

 

Ленин айыл өкмөтүнүн Б.Арзиева атындагы бала бакчанын көмөкчү чарбасындагы бодо малды сатуудан түшкөн акча каражатын бала бакчага ар түрдүү жабдыктарды жана материалдарды алуу үчүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин IV кварталынын атайын каражат бөлүгүнүн бекитилген планынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ленин айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп 28.11.2023-жылдагы №24 протоколунун негизинде кезектеги айылдык кенештин VII чакырылышынын XXIV кезексиз отуруму токтом кылат:

 

1. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин“ 115-беренесине ылайык, Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген бюджетинин атайын каражат бөлүгүнүн такталган планына өзгөртүү киргизилгенине байланыштуу атайын каражаттын сметасынын IV кварталга киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

Киреше бөлүгү:

Берене

Кирешенин аталышы

Көбөйтүлсүн

(миң сом)

Азайтылсын

(мин сом)

14232400

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы

50,0

 

Жыйынтыгы

50,0

 

 

 

Чыгаша бөлүгү:

Бөлүк

Мекемелер

Берене

Көбөйтүлсүн

(мин сом)

Азайтылсын

(мин сом)

70911

Бала бакча

2222

50,0

 

Жыйынтыгы

 

50,0

 

 

3. 2023-жылдын бекитилген сметасынын атайын каражат бөлүгүнүн IV кварталынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жагы финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

4. Бюджетте каралган акча каражаттарынын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановго тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбекке жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек