ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVотурумунун
2023-жылдын 18-декабрындагы № 25/2
Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобонун негизинде жана айыл аймагынын айыл башчыларынын 2023-жылдын 18-декабрындагы билдирүүлөрүн угуп ,талкуулап чыгып айылдык кеңештин отуруму токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп,айыл аймагынын калкына көрсөткөн зор көмөктөрүн жана кыргыз элине жасаган талыкпаган эмгектерин баалап жогорудакы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына “Ленин айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
1. Нарматова Надира Азимовна
2. Сарыбашов Таалайбек Насирбекович
3. Акаев Жанар Кубанычбекович
4. Примов Улан Бердибаевич
2. Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп жана көп жылдык эмгегин эске алып жогорудакы кызматкерлер айылдык кенештин “Ардак Грамотасы” менен сыйлансын.
1. З.Дубанаева-айылдык кенештин жооптуу катчысы
2. Н.Шакиева-”Наристе-Согонду” балдар бакчасынын тарбиячысы
3. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы Б.Артыковго тапшырылсын.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |