Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVотурумунун

 

2023-жылдын 18-декабрындагы № 25/3

 

Согонду,Күң-Элек, Мурдаш, Гагарин айылдарындагы жайытка баруучу жолдорду оңдоп түзөө жөнүндө

“Согонду “жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы К.Пазыловдун 2023-жылдын 18-декабрындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кенештин отуруму токтом кылат:

 

1. Согонду “жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы К.Пазыловдун 2023-жылдын 18-декабрындагы билдирүүсүнүн негизинде Согонду, Мурдаш, Күң-Элек, Гагарин айылдарынын жайытка баруучу жолдорун оңдотуу үчүн жайыт пайдалануучулардан түшкөн жайыт акыдан, мыйзамга ылайык жайыт комитетинен чогулган акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүн өздүк кирешесинен чегерилүүчү акча каражатынан 3/1 бөлүгүнүн эсебинен 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнүп берилген акча каражатын мыйзам чегинде иштетип, жогорудакы айылдардын жолдорун сапаттуу ондоп бүткөрүү “Согонду “жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы К.Пазыловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы Б.Артыковго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек