Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVотурумунун

 

2023-жылдын 18-декабрындагы № 25/4

 

Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2023-жылдын бекитилген сметасынын IV квараталынын бекитилген планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ленин айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп 12.12.2023-жылдагы №25 протоколунун негизинде айылдык кенешинин VII чакырылышынын XXV кезексиз отуруму токтом кылат:

 

1. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин“ 115-беренесине таянып, Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген бюджетинин айрым беренелериндеги үнөмдөлгөн акча каражаттары айыл өкмөтүнүн муктаждыгына ылайык IV кварталга карата төмөндөгү керектелүүчү беренелерге жылдырылып иштетилсин.

 

Чыгаша бөлүгү: (мин сом)

бөлүм

Мекемелер

Берене

Көбөйтүлсүн

Азайтылсын

70111

Аппарат

2221

 

-80,0

70429

Эконо.вопросу(жайыт)

2215

80,0

 

 

Жыйынтыгы:

 

80,0

80,0

 

3. 2023-жылдын IV кварталынын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жагы финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

4. Бюджетте каралган акча каражаттарынын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановго тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбекке жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек