ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 22-январындагы № 30/6
Чүй айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-мартындагы №23/2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн кызматкелеринин кайрылуусун карап, сунушталган долбоордогу иш-аракеттерди талкуулап жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана турмуш-тиричилик бөлүмүнүн өндүрүштүк зарылчылыгына байланыштуу Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-мартындагы №23/2 токтомунун 2-пунктунун 1-бөлүмчөсү жокко чыгарылсын.
2. Чүй айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган пенсионерлерге таштанды чыгаруу үчүн төмөндөгүдөй баа бекитилсин:
- Жер үйдө жашаган бир пенсионер үчүн таштанды төгүү акысы (фактыга жараша ) – бир айга 20 сомдон бекитилсин;
-Көп кабаттуу үйдө жашаган бир пенсионер үчүн таштанды төгүү акысы (фактыга жараша)- бир айга 30 сомдон бекитилсин;
4. Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун баары С.Таалайбековго жана ТТБ башкы адиси С.Медербек уулуна таштандыларды чыгарууда өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу иши милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айылдык кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.С.Джанузаковага тапшырылсын.
Төрага |
| Р. А.Алиев |