ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 11-январындагы № 29/2
Чүй айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык -экономикалык өнүгүү программасын бекитүү тууралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Таалайбековдун 2024-жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы тууралуу маалыматын угуп, сунушталган долбоордогу иш-аракеттерди талкуулап жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык -экономикалык өнүгүү программасынын долбоору кабыл алынсын жана бекитилсин.(1-тиркеме).
2. 2024-жылга карата кабыл алынган жана бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу иши Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Медетовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
Төрага |
| Р. А.Алиев |