Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 29-ноябрындагы № 28/6

 

«2023-жылдын 11 айында Чүй айыл өкмөтүнө бирдиктүү салыктан түшкөн максаттуу трансфертти колдонуу тууралуу»

Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп жана 2023-жылдын 11 айында Чүй айыл өкмөтүнө бирдиктүү салыктан түшкөн максаттуу трансфертти колдонуу тууралуу 3955,1 миң сом акча каражатын «Кыргыз республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесине ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө колдонууга Чүй айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айыл өкмөтүнүн өндүрүштүк муктаждыгына байланыштуу 3955,1 млн сом акча каражатын төмөндөгү беренеге которууга макулдук берилсин.

 

Мамлекеттик тейлөө

2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” 255,1 миң.сом

3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” 500,0 миң.сом

 

Турмуш- тиричилик бөлүмү

2214 “Унаа менен тейлөө кызматтарына” 200,0 мин сом

3111 “Имараттар жана курулуштар” 1000,0 миң сом

 

Билим берүү бөлүмү (мектеп)

3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” 2000,0 миң сом

 

Баардыгы 3955,1 миң.сом

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы экономика, бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р. А.Алиев