Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 29-ноябрындагы № 28/2

 

«Арал айылынын Школьная к.№25а дареги боюнча борбордук (генералдык) жер планына корректировка киргизүү жөнүндө»

Арал айылынын тургуну Б.Жамгурчиевдин 2023-жылдын 23-ноябрындагы кириш №Б-17 арызынын негизинде «Арал айылынын Школьная көчөсүнүн №25а дарегинде жайгашкан жер тилкесин Арал айылынын генералдык жер планына киргизүү жөнүндөгү» материалдарын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүмүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Арал айылынын Школьная көчөсүнүн №25а дарегинде жайгашкан Б.Жамгурчиевдин жеке менчигене таандык 1656 чарчы метр жер тилкеси Арал айылынын генералдык планына киргизилсин.

2. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Арал айылынын генералдык жер планына корректировка киргизүү милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Токмок-Чүй филиалындагы жерди каттоо боюнча иш-кагаздарына өзгөртүү киргизилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитеттин төрагасы Э. Сакаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р. А.Алиев