Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезекстеги XIII сессиясынын

 

2023-жылдын 30-октябрындагы № 5

 

“Муниципалдык 5640,0 м/кв жер аянтына

социалдык объектилерди куруу жөнүндө”

 

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн муниципалдык 5640,0 метр квадрат жер аянтын ФАПка,спорт комплексине жана мечитке ажыратып ,мамлекеттик мөнөтсүз акт алып айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө сунушун карап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Арык айылындагы муниципалдык 5640,0 метр квадрат жер аянтын үчкө бөлүп ФАПка,спорт комплексине жана мечитке бөлүнүп,мамлекеттик мөөнөтсүз акт алынып айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

2. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жана ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

К.Т.Кушбаков