Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 656 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө ЖОБО
1-глава. Куткаруучулардын статусу
§ 1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо куткаруучулардын укуктук негизин, социалдык жактан коргоону, ошондой эле куткаруучуларды жана куткаруучу статусун алган жарандарды аттестациядан өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Куткаруучулардын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
§ 2. Куткаруучулар, ыктыярдуу куткаруучулар жана алардын статусу
3. Кыйроодон куткаруу кызматтарын жана кыйроодон куткаруучу кошуундарын түзүү, ошондой эле алардын күчтөрүн жана каражаттарын жетектөө кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4. Кыйроодон куткаруу иштерине издөө-куткаруу, тоодо куткаруу, газдан куткаруу, фонтанга каршы иштер, ошондой эле өрт өчүрүү менен байланышкан кыйроодон куткаруу иштери, өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин жоюу боюнча иштер кирет.
5. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруучу кошуундарынын куткаруучуларынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) адамдарды куткаруу жана аларга өз убагында жардам көрсөтүү;
2) өзгөчө кырдаалдар зонасына жөнөөгө жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кыйроодон куткаруу кызматтарын жүргүзүүгө дайыма даяр туруу;
3) тейлөөдөгү объектилерде же аймактарда жана акваторияларда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу.
6. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруучу кошуундарынын куткаруучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
1) тейлөөдөгү объекттер жана аймактар боюнча долбоорлорду жана чечимдерди ишке ашыруу үчүн болжолдонгон долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүүгө катыша алат;
2) өзгөчө кырдаалдар зонасынан калкты жана айыл чарба жаныбарларын көчүрүп чыгаруу боюнча иш-чараларга катыша алат;
3) авариялык-куткаруу каражаттарын, тейлөөдөгү объекттер жана аймактар үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу пландарын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда башка объекттер жана аймактар үчүн өз ара аракеттенүү пландарын иштеп чыгууга катыша алат;
4) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында көзөмөл жүргүзө алат;
5) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөсүндө технологиялык жана инженердик-техникалык талаптардын сакталышын контролдой алат;
6) өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатында маалыматтык пропаганда жүргүзө алат, калкты жана уюмдардын кызматкерлерин өзгөчө кырдаалдар шартында аракеттенүүсүн даярдоого катыша алат;
7) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык ресурстар резервдерин түзүү, жайгаштыруу, номенклатуралык курамын жана көлөмүн аныктоо боюнча чечимдерди даярдоого катыша алат;
8) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык объектилерде өзгөчө кырдаалдарды жана өрттү эсепке алуу, жоюу үчүн тышкы өрткө каршы суу менен камсыз кылуу системаларына тоскоолдуксуз кире алат.
§ 3. Куткаруучулар
7. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон, жалпы орто (толук) билими жана жогорку билими бар жарандары жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндөн, дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди аткаруудан, куткаруучуларды даярдоонун программалары боюнча окуудан, кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүүгө жана врачка чейинки медициналык жардам берүү боюнча билимин аттестациялоодон кийин куткаруучу статусун алууга укуктуу.
8. Куткаруучулардын статусу - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жана мамлекет кепилдеген куткаруучулардын укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы.
Куткаруучулардын статусунун өзгөчөлүгү өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине катышуу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттер жана ага байланыштуу алардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген коркунуч менен аныкталат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандарына куткаруучунун статусу ыйгарылганда аттестациялык комиссия тарабынан жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен белгиленген үлгүдөгү күбөлүк, куткаруучунун китепчеси жана куткаруучунун аты-жөнү, канынын тобу жана каттоодон өткөн номери жазылган жетон берилет.
10. Куткаруучунун китепчеси куткаруучунун өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкандыгын эсепке алуу үчүн арналган. Куткаруучунун китепчеси жөнүндө жобо жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
11. Куткаруучулар үч жылда бир жолу аттестациядан өтүп турат, куткаруучуларды даярдоо программасы боюнча окутулат жана аларга тиешелүү квалификация ыйгарылат.
12. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын куткаруучуларын аттестациялоо үчүн тиешелүү органдын жетекчисинин буйругу менен 7 адамдан турган аттестациялык комиссия түзүлөт.
13. Тараптар менен макулдашуу боюнча келишим (контракт) түзүү жолу менен квалификациялык деңгээлге жана медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча жана жеке арызынын негизинде кызматка жарамдуу куткаруучулар менен комплекттөө ишке ашырылат.
14. Кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүүнүн натыйжалуулугу куткаруучулардын кесиптик билиминин, тажрыйбасынын жана көндүмдөрүнүн даражасынан жана ар тараптуу өнүккөндүгүнөн түздөн-түз көз каранды болот.
Куткаруучулардын кесиптик даярдыгынын деңгээли квалификациялык мүнөздөмөлөр менен шартталган адистиги боюнча иштеген жылдары, практикалык иш тажрыйбасына, өздөштүрүлгөн чектеш кесиптеринин санына жараша аныкталат.
15. Куткаруучуларга төмөнкүдөй квалификация ыйгарылат:
1) куткаруучу;
2) үчүнчү класстагы куткаруучу;
3) экинчи класстагы куткаруучу;
4) биринчи класстагы куткаруучу;
5) чебер куткаруучу;
6) эл аралык класстагы куткаруучу.
16. "Куткаруучу" квалификациясы куткаруучуларды кесиптик даярдоо программасы боюнча окуудан өткөн жана кыйроодон куткаруу иштеринин бир же бир нече түрүн жүргүзүү укугуна аттестацияланган жаранга ыйгарылат.
"Куткаруучу" квалификациясы аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан ыйгарылат.
17. "Үчүнчү класстагы куткаруучу" квалификациясы "куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн, аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган куткаруучуга ыйгарылат.
18. "Экинчи класстагы куткаруучу" квалификациясы "үчүнчү класстагы куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн, аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган куткаруучуга ыйгарылат.
19. "Биринчи класстагы куткаруучу" квалификациясы "экинчи класстагы куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн, аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган куткаруучуга ыйгарылат.
20. "Чебер куткаруучу" квалификациясы "биринчи класстагы куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн, аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган куткаруучуга ыйгарылат.
21. "Эл аралык класстагы куткаруучу" квалификациясы төмөнкү куткаруучуга ыйгарылат:
1) "чебер куткаруучу" квалификациясына аттестацияланган күндөн тартып 3 жылдан кем эмес убакыт өткөн;
2) аттестациянын жүрүшүндө ушул квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарга шайкештигин тастыктаган;
3) техникалык же медициналык жогорку билимге же эл аралык куткаруулар курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүккө ээ болгон;
4) эл аралык куткаруулар окутуусуна жана эл аралык куткаруу иштерине катышкан;
5) чет тилдердин бирин сүйлөө деңгээлинде билген.
"Эл аралык класстагы куткаруучу" квалификациясы үчүн үстөк акы "чебер куткаруучу" квалификациясынын үстөк акысынан ашпашы керек.
22. "Үчүнчү класстагы куткаруучу", "экинчи класстагы куткаруучу", "биринчи класстагы куткаруучу", "чебер куткаруучу" жана "эл аралык класстагы куткаруучу" квалификациясы аттестациялык комиссиянын сунушу боюнча жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен ыйгарылат.
23. Куткаруучуга кезектеги квалификацияны ыйгаруу үчүн милдеттүү шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дене тарбиялык, атайын, медициналык жана психологиялык даярдыктын талаптарына ылайык келүү, кыйроодон куткаруу кызматтарынын (кошуундарынын) курамында иштөө көндүмдөрүнө ээ болуу;
2) аттестациялар ортосундагы мезгилде - белгиленген программалар боюнча окуу курсунан өтүү же билимин, тажрыйбасын жана көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө, кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүүнүн жаңы технологияларын өздөштүрүүгө багытталган кошумча билим алуу;
3) аттестациянын жүрүшүндө кезектеги квалификацияны ыйгаруу үчүн коюлган талаптарды тастыктоо.
24. Куткаруучуга кезектеги квалификацияны ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда анын кыйроодон куткаруу иштерине катышуу тажрыйбасы, ал эми кыйроодон куткаруу кесиптик кызматынын (кошуундун) куткаруучусу үчүн - анын кесиптик кызматтык ишин баалоо жана кесиптик окутуунун натыйжалары эске алынат.
25. Аттестациянын жүрүшүндө мурда ыйгарылган квалификациясын тастыктабаган куткаруучуга аттестациялык комиссиянын сунушу боюнча жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен квалификациялык талаптарга ылайык кыйла төмөн квалификация ыйгарылат же квалификациясынан жана куткаруучу статусунан ажыратылат.