Редакцияот 10.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз(кезектеги) XXI сессиясынын

 

2023-жылдын 10-апрелиндеги № 21-3

 

Жайыт комитетинин 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХI сессиясынын,үчүнчү маселеси боюнча жайыт комитетинин бухгалтери У.Калымбетовдун билдирүүсү менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жайыт комитетинин 2023-жылдын киреше бөлүгү 357110(үч жүз элүү жети мин бир жүз он) сом,чыгаша бөлүгү 357110(үч жүз элүү жети миң бир жүз он) сомго түзүлгөн бюджетин бекитүүгө макулдук берилсин.

 

2. 2023-жылга түзүлгөн бюджетинин планын аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы З.Озоновго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы :

Э.Исманов