Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз(кезектеги) XXI сессиясынын
2023-жылдын 10-апрелиндеги № 21-2
Кош-Алмурут айылынын тургуну Сарыбаев Шералынын арызы жөнүндө
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХI сессиясынын,экинчи маселеси боюнча айылдык кенешинин төрагасы Э.Исманов Кош-Алмурут айылынын тургуну Сарыбаев Шералынын арызы менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Алмурут айылынын тургуну Сарыбаев Шералы Туркия мамлекетине небересинин эки бөйрөгүн алмаштырууга жергиликтүү бюджетинин эсебинен 40000 (кырк миң)сом ажыратууга макулдук берилсин.
.
2. Жергиликтүү бюджетинин эсебинен 40000(кырк миң)сом акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы : | Э.Исманов |