ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIII – сессиясы
2023-жылдын 5-октябрындагы № 2
“Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө”
Чаткал айыл өкмөтүнүн 05.10.2023-жылдагы № 01-17/04/2019 сандуу сунушу боюнча “Альфа телеком” ЖЧКнан Жаны-Базар, Курулуш айылдарында уюлдук байланышты жакшыртуу максатында атайын антена орнотуу үчүн жер тилкелерин ижарага сурап кайрылуусу боюнча карап, талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIII - сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн 05.10.2023-жылдагы № 01-17/04/2019 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Жаны-Базар айылынын Жерге-Тал көчөсүнүн жогорку бөлүгүнөн 20м2, Курулуш айылынын Сары-Булак участкасынан 20м2 жер тилкелери “Альфа телеком” ЖЧКна уюлдук байланыштын антенасын орнотууга мыйзам чегинде карап көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: | К.С.Оморов |