Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХI-сессиясы

 

2023-жылдын 6-сентябрындагы № 7

 

“Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө”

Чаткал айылдык Кеңешне келип түшкөн арыз, кайрылууларды карап талкуулап

Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХ1- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Маданият тармагынын көрүнүктүү инсаны, маркум Т.Бектургановдун үй-тамын кайрадан калыбына келтирүү максатында Чаткал айыл өкмөтүнө “Тез там” долбоору аркылуу түз келишим түзүп, иш алып барууга макулдук берилсин.

2. Жаңы-Базар айылынын тургуну М.Жороева, Ак-Таш айылынын тургуну Н.Мамашова, Самидин кызы Жумасиялардын арыздары канааттандыруусуз калтырылсын.

3. Жаңы-Базар айылынын тургуну Т.Дилдебаевдин арызы боюнча мыйзам чегинде карап чечип берүү, Жаны-Базар айылынын тургуну У.Оморовдун арызы боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетине карап чечип берүү жагы милдеттендирилсин.

4. Ак-Таш айылыны тургундары жалгыз бой энелер Мамашова Нурилага жана Мамашова Раилага Акташ айылынын А. Мырзабаев атындагы көчөсүндөгү бош жаткан жеринен ар бирине 0,05га жер тилкелери там арка катары ажыратылып берилсин.

5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы О.Токтогуловго милдеттендирилсин.

6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин “Депутаттык этика жана маданият боюнча, жаштар, спорт жана социалдык (билим берүү жана саламаттык сактоо) маселерери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Алмановго жүктөлсүн.

 

 

Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.М.Козубаев