ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХI- сессиясы
2023-жылдын 6-сентябрындагы № 6
“Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө”
Чаткал айыл айыл аймагынын Курулуш айылында жайгашкан С.Мырзалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жетекчиси Ш.Атабековдун 04.09.2023-жылдагы № 01-31/55/2, Ак-Таш айлында жайгашкан К.Усупбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектептерин жетекчиси Н.Көчкөнбаевдин 04.09.2023-жылдагы №140 жана Чандалаш айлында жайгашкан Б.Шерматов жалпы башталгыч билим берүүчү мектептеринин жетекчиси А.Досумбетованын 01.09.2023-жылдагы №8 сандуу билдирүүлөрүн карап талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуш айылында жайгашкан С.Мырзалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жетекчиси Ш.Атабековдун , Ак-Таш айлында жайгашкан К.Усупбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектептерин жетекчиси Н.Көчкөнбаевдин жана Чандалаш айлында жайгашкан Б.Шерматов жалпы башталгыч билим берүүчү мектептеринин жетекчиси А.Досумбетованын билдирүүлөрүлөрү эске алынсын.
2. С.Мырзалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 3а, 3б класстары өз орундарында эки класс болуп калтырысын, 11клас башка мектептер алыс болгондугуна байланыштуу ордунда калтырылсын.
3. К. Усупбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин , 10, 11 класстыры башка мектептер 17 чакырым алыс болгондугуна байланыштуу ордунда калтырылсын.
4. Б.Шерматов жалпы башталгыч билим берүүчү мектептеринин 1,2,3,4 класстары Жаны-Базар айылында жайгашкан Т.Жаналиев жалпы орто билим берүүчү мектебине 5чакырым алыс жайгашып окуучулардын каттоосуна жана ал жакта жашап окуусуна шарттар жок болгондугуна байланыштуу ордунда калтырылсын.
5. Чаткал райондук билим берүү бөлумунөн жогоруда белгиленген класстар аталган мектептерде билим алуу үчүн уруксат берүү жагы суралсын.
6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин “Депутаттык этика жана маданият боюнча, жаштар, спорт жана социалдык (билим берүү жана саламаттык сактоо) маселерери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Алмановго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Козубаев |