Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХI- сессиясы

 

2023-жылдын 6-сентябрындагы № 3

 

“Бюджетке өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Курманалиеванын 05.09.2023-жылдага № 01-17/03/206сандуу сунушу боюнча Чаткал айылдык Кеңешинин “Бюджет, экономика, мунисипалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте карап жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХI-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Курманалиеванын 05.09.2023-жылдагы № 01-17/03/206 сандуу сунушу эске алынсын.

2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 70111-бөлүмүнүн 2222-статьясынан 650,0 (алты жүз элүү) миң сом акча каражаты кемитилип, ушул эле бөлүмдүн 2215-статясына 500,0 (беш жүз) миң сом, 272121-статьясына 150,0 (бир жүз элүү) миң сом акча каражаттары жылдырылып бекитилсин.

Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 70111-бөлүмүнүн 2222-статьясынан (чарбалык буюмдарды сатып алууга) коюлган 460,0 ( төрт жүз алтымыш) миң сом жана (транспорт чыгымдарына) коюлган 600,0(алты жүж) мин сом, жалпысынан 1060,0 (бир миллион алтымыш) мин сом акча каражаттары ушул эле 7011-бөлүмүнүн 2721-статьясына (элдин муктаждыктарын кароо, социалдык жардам көрсөтүүгө) жылдырылып бекитилсин.

3. Бюджеттик акча каражаттарды мыйзам чегинде , максаттуу өз багыты боюнча жумшоо жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б.Курманалиева милдетендирилсин.

4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.

 

 

Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Козубаев