Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХI- сессиясы

 

2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1

 

“Чаткал районунда административдик-аймактык ирилештирүүнү ишке ашыруу максатында райондун аймагында айыл аймактарды ирилештирүү долбоорун кароо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өнүктүрүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө “ПЖ №350 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президендинин Администрация жетекчисинде болгон кеңешменин №20-12сандуу протоколунун 5-пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмалардын негизинде Чаткал районунда административдик-аймактык ирилештирүүнү ишке ашыруу максатында райондогу айыл аймактарын бириктирүү боюнча иштелип чыккан долбоорду талкуулап карап чыгып Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XХI- сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өнүктүрүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө “ПЖ №350 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президендинин Администрация жетекчисинде болгон кеңешменин №20-12сандуу протоколунун 5-пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмалардын негизинде Чаткал районунда административдик-аймактык ирилештирүүнү ишке ашыруу максатында райондогу айыл аймактарын бириктирүү боюнча иштелип чыккан долбоору боюнча Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу эске алынсын.

2. Мамлекеттин жүргүзгөн саясатын колдоо иретинде Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына, райондук денгээлде комиссия түзүп жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы сунушталсын.

3. Каныш-Кыя Чаткал айыл аймактары бириктирилсе, тарыхий аталышы Чаткал айыл аймагы деп аталсын.

4. Жаңыдан түзүлгөн айыл аймактын баш кеңсеси Жаны-Базар айылында калтырылсын.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланып, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизуу жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы О.М. Токтогуловго жүктөлсүн.

 

Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Козубаев