ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 13-октябрындагы № 43
Токтогул шаарында 2023-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, 2023-жылдын 9 айына жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, токтомдор, протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын маалыматын, тиешелүү туруктуу комиссиялардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 9 (тогуз) айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча такталган план 52 424,8 миң сомго бекитилип, аткарылганы 53 563,1 миң сомду түзгөндүгү, 102,2% аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Жалпысынан Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын маалыматы эске алынсын.
3. Ушул сессиянын жыйынтыгы менен 2024-жылга карата төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
- калктуу конуштардагы жерлерди ижарага берүү боюнча бекитилген пландын аткарылышы төмөндүгүнөн, бул багытта кошумча иштер жүргүзүлсүн (ижара акыларынын негиздүү эсептөөлөрү сунушталсын);
- сырттан инвестиция тартуу, долбоорлорду даярдоо, ишке ашыруу боюнча кошумча иштер, кечиктирилгис аракеттер көрүлсүн;
- кийинки жылга сунушталуучу курулуш, оңдоп-түзөө иштерине тиешелүү долбоордук-сметалык документтери даярдалып, тез арада бүткөрүлсүн;
- шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, шаар куруу, архитектура ченемдеринин сакталышын камсыздоо, мыйзамсыз курулуштарды алдыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге натыйжалуу иштер жүргүзүлсүн;
- аймакты жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин пландап, зарылчылыкка жараша бак-дарак, гүлдөр тигилүүчу жерлерди даярдоо иштери жүргүзүлсүн;
- токтомдор, протоколдук тапшырмалар аткарууга алынсын;
- коомдук уюмдар менен жүргүзүлүүчү иштер колго алынсын;
“Ыңгайлуу шарт”, “Токтогул суу канал” ишканаларында бюджеттин киреше бөлүктөрү боюнча бекитилген пландардын аткарылбай жаткандыгы эске алынсын, жетекчилерине катуу талаптар коюлсун;
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусуна (Т.Ш.Дарманова) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, К.Нургазы уулу, Н.Оркулова А.Джаныбаева) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: |
| М.Т.Борбугулов |