КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы
2023-жылдын 31-мартындагы № 16/2
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунан берилүүчү акча каражатын планга киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Матибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жаккшыртуу” үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тарабынан берилүүчү 18,0 (он сегиз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн аппаратынын атайын каражаттык (4408071253004225) эсебине 2023-жылдын 2-кварталына планга киргизилсин.
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин
Бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Кулетов |