Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы

 

2023-жылдын 31-мартындагы № 16/1

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын башына калган калдык акча каражатын бөлүүштүрүү жөнүндө

Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын башына калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө ФЭБ башчысы Н.Матибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кашка-Суу айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын киреше бөлүгүнөн 2023-жылга калган 3117945 (Үч миллион бир жүз он жети миң тогуз жүз кырк беш) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн

-Айыл өкмөтүнүн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча -200,0миң сом

-Компютер ремонт жана кадтридж заправкалоо -40,0 миң сом

-Чек араны зым тор менен тосууга солярка алуу үчүн -75,0 миң сом

-Жашыл мурас көчөт сатып алуу үчүн -35,0 миң сом

-Баткен согушунун катышуучуларына -10,0 миң сом

-Айыл өкмөтүнө көмүркана куруу үчүн -120,0 миң сом

-Аксакалдардын экскурсия саякаты үчүн -40,0 миң сом

-2023-жыл ичинде даярдалуучу долбоорлор -90,0 миң сом

-Мал чарба адиси жолбун ит мышыктарды атуу үчүн -25,0 миң сом

-Эстеликтин айланасын королоо үчүн -130,0 миң сом

-Ар түрдүү чыгым үчүн -46,9 миң сом

-1- июнь балдар коргоо күнүнө балдарга белек берүү үчүн -30,0 миң сом

-Экономист статистин бир жылдык алуучу маалыматы үчүн -7,0 миң сом

-Айыл өкмөтүнө ажааткана куруу үчүн -120,0 миң сом

-Бешкол ФАПка керектүү материал сатып алуу үчүн -35,0 миң сом

-Жайык ФАПка керектүү материал сатып алуу үчүн -20,0 миң сом

-Чеч-Дөбө алма бакты королоо үчүн -150,0 миң сом

-Жаңы-Айыл тескей арыкты өндоо үчүн -30,0 миң сом

-Тосту каналынын жээгин бекемдөө үчүн -300,0 миң сом

-Өлөн-Булак айылына жаны конушка ботон столбо алуу үчүн -140,0 миң сом

-Кара-Төбө суугат суу долбооруна -300,0 миң сом

-Кара-Башат Туюк-Жар сууган суу каналын оңдоо үчүн -150,0 миң сом

-Айбек көпүрөсүн оңдоп түзөө -60,0 миң сом

- Мектептердин лабароториялык сыноосу үчүн -35,0 миң сом

- К.Абдрахманов мектебине технадзор үчүн -210,0 миң сом

- Б.Айтматов мектебинин жылуулук системасын оңдоо үчүн -150,0 миң сом

- М.Шатманов мектебинин электр жабдыктарын оңдоо үчүн -60,0 миң сом

- З.Кутманова мектеби трансформаторго эсептөө блок алуу -20,0 миң сом

- З.Кутманова мектебинин франтонун ондоого материал алуу -20,0 миң сом

- З.Кутманова мектеби жайыктан балдарды ташуу үчун -35,0 миң сом

- Бала-Бакчалардын лабороториялык сыноосуна -10,0 миң сом

-Б.Өмүшова балдар бакчасына ремонт иштери үчүн -30,0 мин сом

-Б.Өмүшова балдар бакчаларына ажаткана куруу үчүн -250,0 миң сом

-П.Нармырзаев балдар бакчасы ремонт иштери үчүн -30,0 миң сом

-Маданият үйүнүн ичин актап сырдоо үчүн -25,0 миң сом

- Маданий иш чараларына -50,0 миң сом

- Ф-9 китепканасынын ремонтуна материал сатып алуу үчүн -25,0 миң сом

- Ф-30 китепканасынын ремонтуна материал сатып алуу -24,0 миң сом

 

Жалпысы: 3117,9 (Үч миллион бир жүз он жети миң тогуз жүз кырк беш) сом жумшалсын

2. Айылдык кеңештин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий

 “Kashka-Suu.jalal-abad.kq” сайтына жарыялансын.

3. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Калетовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А. Кулетов