Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз X-сессиясынын

 

2023-жылдын 24-февралындагы № 19

 

Ичүүчү сууга болгон төлөмдөрдүн баасын көтөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Арт суу тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Чойбековдунжана элдик макулдашуу жыйындын протоколунун негизиндесуу төлөмүнүн баасын көтөрүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз X -сессиясы токтом кылат:

 

1. “Көк-Арт суу тазалык”муниципалдык ишканасы менен элдик макулдашуу жыйындын негизинде таза суу төлөмү 2023-жылдын 1-январынан тартып бир айга 150 (бир жүз элүү) сомго бекитилсин.

 

2. Көк-Арт суу тазалык муниципалдык ишканасы үйүнө суу түтүкчөсү киргизилген ар бир абонент менен 2023-жылга карата келишим түзүп чыксын.

 

3. Келишим түзүүдөн баш тартканжана өз билемдик менен эки суу түтүкчөсүн улап алган абоненттердинсуу түтүкчөлөрү кыркылсын.

 

4. “Көк-Арт суу тазалык”муниципалдык ишканасы абоненттерге келишимде көрсөтүлгөн убакытта суу жеткирип берүү жагы милдеттендирилсин.

 

5. Суу төлөмдөрүн келишимде көрсөтүлгөн убакытта төлөбөгөн абоненттердин суу түтүкчөсү кыркылсын.

 

6. Токтомду аткаруу жагы Көк-Арт суу тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

7. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага:

А.А.Энназаров