Редакцияот 29.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-октябры № 653

 

Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45, 45а дареги боюнча курулуп жаткан турак үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо системасына технологиялык туташтыруу үчүн акы төлөөдөн бошотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында үлүштүк катышуу менен батир сатып алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, курулуп жаткан объекттердин социалдык маанилүүлүгүн көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45, 45а дареги боюнча жайгашкан курулуп жаткан турак үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо системасына технологиялык туташтыруу үчүн акы төлөөдөн бошотулсун.

2. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) объекттерди жылуулук тармактарына кошууга берилген техникалык шарттарга тиешелүү оңдоолорду киргизүү боюнча ишти уюштурсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 85 (3639) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров