КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-июлундагы № 2-12-30
Балдардын укуктарын коргоо боюнча мэриянын жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле балдарды коргоо максатында кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы жөнүндө
Кемин шаарынын мэриясы тарабынан балдардын укутары коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралууу маалымат каралып.Талкууланып, депутаттардын пикири менен алмашкандайн кийин Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын мэриясы тарабынан 2023-жылдын 6 айына балдардын укуктарын коргоо боюнча аткарылган иштер боюнча башкы адис Р.С.Дуйшееванын маалыматы эске алынсын.
2. Мэрге Абдывалиев К.З:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы №4811 “Балдардын жеке кол тийбестикке болгон укуктарын ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгынын талаптарын так аткаруу;
- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды көрүү боюнча шаардык рейддерге катышуу.
3. Мэриянын жоопту кызматкерлерине Дуйшеева Р.С:
- шаардын жалпы билим берүүчү мектептеринин социалдык мугалимдеринин “Ата-энесинин жана үй-бүлөнүн камкордугусуз калган балдар мигранттардын балдары менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө отчетун кабыл алуу;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардын мэри К.З.Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага: | Д. Мусаев |