Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - Өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш) билдирүүнү жана анын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Өкүлчүлүк өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Өкүлчүлүккө Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бир орун басары болот.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Президенттин атайын чечимисиз эле катышат.
4. Өкүлчүлүктүн негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын Президенти менен Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн функциялары
5. Өкүлчүлүк төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин жыйналыштарына, анын ичинде жабык жыйналыштарга, анын комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын, парламенттик фракциялардын ишине, парламенттик угууларга катышат;
2) өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук турмушундагы актуалдуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин позициясын Жогорку Кеңешине, анын комитеттерине, убактылуу комиссияларына, парламенттик фракцияларына маалымат берет;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин Жогорку Кеңештин жыйналыштарына сунуш кылат;
4) Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун кабып алууда Кыргыз Республикасынын Президентинин позициясын билдирет;
5) Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу ишинин абалы жана анда каралып жаткан маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдайт;
6) шайлоо, бошотуу, ошондой эле макулдук берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти киргизген, Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуш кылат;
7) айрым жерлерге өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө; Кыргыз Республикасына баскынчылык кылуу же түздөн-түз кол салуу коркунучу пайда болгон учурда согуш абалын жарыялоо, согуш абалын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылат;
8) Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын жана/же кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштарын, ошондой эле анда карала турган маселелерди киргизет;
9) зарыл болгон учурда Жогорку Кеңештин, комитеттердин жана фракциялардын жетекчилери менен консультацияларды жүргүзөт;
10) Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
11) Жогорку Кеңеште кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген баяндамаларды жана башка материалдарды даярдоого катышат;
12) комитеттердин, убактылуу комиссиялардын, парламенттик фракциялардын, Жогорку Кеңештин жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын Президентинин өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого, жолугушууларын уюштурууга көмөк көрсөтөт;
13) ушул Жобонун 6-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн эксперттик жана жумушчу топтордун жана кызмат адамдарынын ишин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүү бөлүгүндө координациялайт;
14) өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана Президенттин Аппаратынын дарегине келген жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын карайт.