Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын (мындан ары - Катчылык) ишинин укуктук статусун, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишин уюштуруу принциптерин аныктайт.
2. Катчылык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) ишин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Катчылык белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана эмблемага ээ.
3. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Катчылык өз ишин Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, ошондой эле Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жана башка органдар менен тыгыз өз ара аракеттенип жүргүзөт.
Жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө Катчылык ошондой эле коомдук бирикмелер, жарандык коомдун башка институттары жана жарандар менен өз ара аракеттенет.
2. Катчылыктын милдеттери, функциялары жана укуктары
5. Катчылыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттин коопсуздук жана коргонуу жөндөмдүүлүгү, коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишмердигин маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө коопсуздуктун абалы жөнүндө талдоо баяндамаларын даярдоо;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу системасынын иштеши жөнүндө маалыматты топтоо, изилдөө жана иштеп чыгуу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдоо:
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана өркүндөтүү, ушул жааттагы максаттуу программаларды иштеп чыгууну уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу, алардын кесепеттерин жоюу;
- өзгөчө абалды киргизүү, узартуу жана алып салуу, ошондой эле согуштук абалды киргизүү жана алып салуу;
4) мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугуна баа берүү;
5) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлеринде камоодогу адамдарга карата кыйноолорду жана башка катаал мамилени алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишин талдоо;
6) Кеңештин жыйналыштарында каралуучу келечектүү темалардын тизмесин түзүү;
7) Кеңештин жыйналыштарын жана оперативдик кеңешмелерин даярдоону, өткөрүүнү камсыз кылуу;
8) Кеңештин чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана алардын аткарылышын контролго алуу.
6. Катчылык милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) Кеңештин жыйналыштарын, оперативдик кеңешмелерин уюштуруу жана өткөрүү;
2) Кеңештин чечимдеринин долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
3) коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, алардын аткарылышын контролдоо;
4) коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук, региондук жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүнө талдоо жүргүзүү жана божомолдоо;
5) инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына болгон ички жана тышкы коркунучтарды аныктоо боюнча механизмдерди өркүндөтүү бөлүгүңдө сунуштарды иштеп чыгуу;
6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтар келип чыккан учурда оперативдик жооп кайтаруу чаралары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо;
7) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жаатындагы тышкы жана ички саясатты ишке ашыруу процессине, социалдык-саясий жана экономикалык абалга, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин абалына, улуттук коопсуздуктун коркунучтарына каршы аракеттенүү, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарда калкты жана мамлекеттин аймагын коргоо боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
8) Кеңештин компетенциясына таандык маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
9) Кеңештин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрдү жана укук коргоо органдарын инспекциялоо, коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин текшерүү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана алардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кеңешке сунуштарды киргизүү;
10) улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө концепцияларды, стратегияларды, доктриналарды жана башка стратегиялык документтерди иштеп чыгууну уюштуруу;
11) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндигинен чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени алдын-алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, аларды кармоо шарттарын жакшыртуу;
12) Кеңештин компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну, ошондой эле карап чыгууну демилгелөө;
13) улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоого катышуу;
14) Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жарлыктарынын жана буйруктарынын долбоорлорун даярдоо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын директиваларын, буйруктарын жана чечимдерин даярдоого катышуу;
15) министрликтерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
16) Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине даректелген жарандардын кайрылууларын жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун каттарын карап чыгуу;
17) жогорку аскердик жана атайын наамдарды, ардактуу наамдарды берүү, ошондой эле аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын жана республиканын башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;
18) Кеңештин компетенциясына таандык маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
19) Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик жана жумушчу топторду түзүү.
7. Катчылык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик жана муниципалдык органдардан, коомдук жана башка уюмдардан, ошондой эле кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жана Катчылыктын дарегине кайрылып жаткан жарандардан Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча керектүү, анын ичинде жашыруун мүнөздөгү маалыматты жана документтерди суратууга кылууга жана белгиленген тартипте алууга;
2) Кеңештин компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;
3) мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын жана тапшырмаларынын, ошондой эле Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча Кеңештин чечимдеринин аткарылышы тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын ишмердиги тууралуу маалыматтарын угууга;
4) мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча компетенттүү болгон мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, ошондой эле илимий мекемелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын адистерин жана эксперттерин ишке тартууга;
5) Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери менен белгиленген тартипте жумушчу байланыштарын түзүүгө;
6) Катчылыкка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүргүзүүгө.