Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жыл 21-февралындагы №3/I

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагынын «Нурманбет айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» Жарлыгын, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Нурманбет айылдык кенеши

 

токтом кылат:

 

1. Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Красная Речка айыл аймагынын «Красноречка айылдык кеңеши» жана Чүй облусунун, Ысык- Ата районунун, Нурманбет айыл аймагынын «Нурманбет айылдык кеңеши» бириктирүү жолу менен «Нурманбет айыл аймагынын Нурманбет айылдык кеңеши» мекемеси түзүлсүн.

2. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы мамлекеттик тилде – «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагынын Нурманбет айылдык кеңеши» мекемеси; расмий тилде - Учреждение «Айылный кенеш Нурманбет айылного аймака» Ысык-Атинского района, Чуйской области.

3. «Нурманбет айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Красная-Речка айылы, Октябрь көчөсү №65, болуп аныкталсын.

4. Нурманбет айылдык кеңешинин жобосу бекитилсин.

5. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;

-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.

6. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

8. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

 

 

 

Төрага

 

Н.С.Бекбоева