НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жыл 21-февралындагы №2/I
Бириккен Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Бириккен Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №2 протокол бекитилсин.
2. Бириккен Нурманбет айыл аймагынын Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Табыкеев Нурдин Сейитбекович шайланган деп таанылсын.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жоопту катчысы Н.М.Туленова:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нурманбет айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.С.Бекбоева |