Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү (мындан ары - бөлүм) бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишмердигин укуктук жактан камсыз кылуучу Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм укуктук маселелер боюнча өз ишин Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишин укуктук жактан камсыз кылуу, ошондой эле Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин, анын орун басарларынын жана Президенттин Аппаратынын ишмердигин укуктук жактан камсыз кылуу;
2) укуктук талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси кабыл алып жаткан чечимдердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык келишин камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюусуна келген мыйзамдарды экспертизалоону камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү жок болгондо "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы (мындан ары - Конституциялык палата) өкүлчүлүгүн белгиленген тартипте камсыз кылуу.
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) кол коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине келген мыйзамдарды укуктук экспертизалоону камсыз кылуу;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте мыйзамдарды кайтаруу үчүн аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин даярдоо;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын жана бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын жана башка укуктук документтердин долбоорлорун укуктук экспертазалоону жүргүзүү;
5) Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмасы, ошондой эле Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн сурамдары боюнча мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары маселе караганда зарыл болгон талдоо, маалыматтык жана башка материалдарды даярдоо;
8) Конституциялык палатанын жыйналыштарына белгиленген тартипте катышуу;
9) доо арыздары боюнча соттордо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын кызыкчылыктарын билдирүү үчүн ыйгарым укуктуу адамдарга ишеним каттарын тариздөө;
10) мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарынын контролдук нускаларын системага салуу жана жүргүзүү;
11) мыйзамдардын тармактык жалпы укуктук классификаторун жүргүзүү;
12) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө укуктук консультацияларды берүү;
13) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратына, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине даректелген каттарды жана башка кайрылууларды кароо.
(КР Президентинин 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 77 Жарлыгынын редакциясына ылайык)