Редакцияот 28.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын

 

2023-жылдын 28-июнундагы № 1

 

“Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга каралган сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган сметасынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүнүн башкы бухгалтери Н.Олжобаеванын сөзүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга каралган сметасынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизилсин.

2. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга түзүлгөн сметасына киреше салыгынан ашыкча түшкөн 1 011900 сом акча каражатын кошумча планга киргизип көбөйтүлсүн жана чыгаша бөлүгүнүн 701-бөлүмдүн 2215 ( ар түрдүү чыгым) статьясына -300 000сом, 2221 (учурдагы оңдоо) статьясына-116900, 2721(калкка материалдык жардам) статьясына-100 000, 3111(Имараттар жана курулуштар) статьясына-495 000 сом коюлуп чыгымдалсын.

3. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Бешик-Жон айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Чолпонбаев