Редакцияот 29.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

 

2023-жылдын 29-майындагы № 4

 

“Жон айылындагы муниципалдык базардын алдына асфальт басууга жана электр тогун киргизүүчү долбоорго макулдук берүү жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылындагы муниципалдык базардын алдына асфальт басуу жана электр мамычасын орнотуп, зым чубалгыларын тарууга долбоор жөнүндө инвестиция боюнча башкы адистин жалпы сметалык наркы 843 380 сомду түзгөн, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 123 380 сому, калган 720 000 сому Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна жазууга даярдалган долбоорун угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылындагы муниципалдык базардын алдына асфальт басуу жана электр мамычасын орнотуп, зым чубалгыларын таруу жөнүндөгү инвестиция боюнча башкы адис Ш.Булдурованын долбоору жактырылсын.

2. 123 380 сом акча каражаты Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.

3. 720 000 сому Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

4. Долбоорду толугу менен аткарууга, техникалык жана юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо айыл өкмөт башчысы А.Адишовго жүктөлсүн.

5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Чолпонбаев