Редакцияот 29.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

 

2023-жылдын 29-майындагы № 2

 

“Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бешик-Жон айылындагы Нагима балдар бакчасынын жанынан 48м.кв жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө айыл өкмөттүн жер адисинин сөзүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бешик-Жон айылындагы Нагима балдар бакчасынын жанынан 48м.кв жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.

2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашырып документ иштерин жүргүзүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комитетине” жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Чолпонбаев