БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2023-жылдын 29-майындагы № 1
“Кыш завод курууга макулдук берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа участкасынан №10 жазаларды аткаруу мекемесине кыш завод курууга, Карача айылынын Платина участкасынан инвестор тартып кыш завод курууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №10 жазаларды аткаруу мекемесине кыш завод курууга Сары-Талаа участкасынан 1,5га кайракы жер аянтын мыйзам ченинде трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Инвестиция тартуу үчүн кыш завод курууга Карача айылынын Платина участкасынан 1,5га кайракы жер аянтын мыйзам чегинде трансформациялоого макулдук берилсин.
3. Жазаларды аткаруу мекемесине баруучу жолду минтранстын балансына өткөрүп берүү жагы, ырааттуу ремонт ишетрин жүргүзүү жагы келишим түзүлсүн.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А.Чолпонбаев |