Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 7-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, өнүгүү институттары жана башка түзүмдөр менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
4. Бөлүм катчылык катары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин ишин камсыз кылат жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча чараларын иштеп чыгат жана сунуштайт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
5. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү саясатынын маселелери боюнча маалыматтык-талдоо жана эксперттик камсыз кылуу;
2) узак мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу. Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү приоритеттерин кайра баалоо жана ага түзөтүүлөрдү киргизүү предметине тышкы жана ички факторлорду талдоо;
3) финансылык-экономикалык маселелер боюнча сунуштарды даярдоо;
4) орто мөөнөттүү мезгилге программалардын жана саясаттын өнүгүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жана милдеттерине шайкештигин камсыз кылуу;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын жана тапшырмаларынын жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун экспертизалоону камсыз кылуу;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген социалдык-экономикалык, финансылык жана башка чөйрөлөрдө өнүгүү тенденцияларына талдоо жүргүзүү, экономикалык өнүгүү көз карашынан алганда өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ички жана тышкы тобокелдик факторлорун табуу.
6. Бөлүм жогоруда аталган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына талдоочулук, маалыматтык жана башка материалдарды иштеп чыгат;
2) өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаалды талдайт, экономика чөйрөсүндөгү окуялардын өнүгүшүнө божомолдорду иштеп чыгат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн маалыматтык-талдоо жана эксперттик материалдарды жана сунуштарды даярдайт;
3) бийликтин ар кандай бутактарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда узак мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
4) стратегиялык жана артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго алдын-ала талдоо жүргүзөт;
5) орто мөөнөттүү стратегияларды, программаларды, өнүктүрүү саясатын түзүү, мамлекеттик стратегиялык пландоонун методологиясын жана укуктук негиздерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды берет;
6) акча-кредит, бюджет жана фискалдык саясаттын негизги багыттары жана финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат;
7) инвестициялык саясаттын, тышкы экономикалык иштин жана ишкердик чөйрөнүн негизги багыттары боюнча, ошондой эле өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсүндө сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат;
8) өлкөнүн региондорун экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттер аралык мамилелеринин, миграциянын экономикалык аспекттеринин негизги багыттары боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат;
9) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы же анын катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өкмөттүк эмес түзүмдөр жана жарандык сектор, улуттук жана эл аралык изилдөө институттары, эл аралык уюмдар, ассоциациялардын жана бизнес-жамааттардын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер менен өз ара аракеттенет;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин, талдоо жана маалымдама маалыматтардын долбоорлоруна эксперттик корутундуларды даярдайт;
12) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышына контролдук кылат;
13) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын талдоо ишине методологиялык колдоо көрсөтөт жана координациялайт;
14) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча концепцияларды, программаларды, стратегияларды жана башка документтерди иштеп чыгууга катышат;
15) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына даректелген жарандардын каттарын жана кайрылууларын карайт;
16) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка функцияларды жүзөгө ашырат.