Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XIV - сессия
2018-жылдын 13-апрели № 36 / VII – XIV - 1
«Алтын-Жар» ЖЧКсынын алтын кенин иштетүү боюнча арызын кароо
Суусамыр өрөөнүндөгү Орто айыл аймагына тиешелүү 14,90 га жерди “Алтын-Жар” компаниясы алтын кенин иштетүү боюнча арызын карап чыгып, Орто айылдык кеӊешинин депутаттарынын макулдугунун негизинде, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. “Алтын-Жар” ЖЧКсына Суусамыр өрөөнүндөгү Токойлуу жайытында алтын кенин казууга уруксат берилсин.
2. Алтын кенин казууда жер кыртыштары бузулбоо керек жана иштин аягында рекультивация иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү элдерге экологиялык зыяны тийбесин.
3. Экономиканы көтөрүү боюнча жардам көрсөтүү талаптары, социалдык пакет 3 транш аркылуу толугу менен аткарылсын жана жыл сайын келишим жаӊыртылып түзүлсүн.
4. Алтынды казууну көзөмөлгө алуу үчүн айылдык кеӊештин үч депутатынан комиссия курамы түзүлсүн.
5. “Алтын-Жар” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Арыков Э.У. жүктөлсүн жана Экономикалык өнүгүү жана агрардык реформа боюнча комиссиясынын төрагасы Ильясов Б. тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |