Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XIV - сессия
2018-жылдын 13-апрели № 37 / VII – XIV - 2
«КИКО» ЖЧКсынын топурак казып алуу боюнча арызын кароо
Панфилов районунун Орто айыл аймагындагы Кум-Арык айылында жайгашкан 1,81 га жерди “КИКО” ЖЧКсы топурак казып алуу боюнча арызын карап чыгып, Орто айылдык кеӊешинин депутаттарынын макулдугунун негизинде, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. “КИКО” ЖЧКсына Панфилов районунун Орто айыл аймагындагы Кум-Арык айылынан топурак казып алууга уруксат берилсин.
2. Топурак казууда жер кыртыштары бузулбоо керек жана иштин аягында рекультивация иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү элдерге экологиялык зыяны тийбесин.
3. “КИКО” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Арыков Э.У. жүктөлсүн жана Экономикалык өнүгүү жана агрардык реформа боюнча комиссиясынын төрагасы Ильясов Б. тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |