БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XX-сессиясы
2023-жылдын 20-февралындагы № 6
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине 0,2364 гектар жер аянтын алуу жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 09.02.2023-жылдагы № 01-15/110 «Сузак районунун прокуратурасынын 2023-жылдын 06-февралындагы №11/1-6-23 «Ченемдик укуктук актыларын бузулуусун четтетүү жѳнүндѳ» талабын аткаруу максатында, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн административдик имараты жайгашкан жердин ичинен мыйзамсыз берилип кеткен жалпы 0,2364 гектар жер аянтын, муниципалдык менчикке алуу боюнча чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн административдик имараты жайгашкан жердин ичинен мыйзамсыз берилип кеткен жалпы 0,2364 гектар жер аянты Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине алынсын жана муниципалдык менчикти аныктаган укук тастыктоочу мамлекеттик акт алуу боюнча иш жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ж. Самидиновго жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага |
| Ж.Сейдахматов |