Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XV - сессия
2018-жылдын 13-августу № 42 / VII – XV - 2
Жаран Исаков Асылбек Тураровичтин арызын кароо боюнча
Бишкек шаарынын, Арча-Бешик, 35-118 участогунун тургуну Исаков Асылбек Тураровичтин 2018-жылдын 09-августундагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү 2,56 гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын, Арча-Бешик, 35-118 участогунун тургуну Исаков Асылбек Тураровичтин 2018-жылдын 09-августундагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү 2,56 гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Исаков Асылбек Тураровичке, Суйналиева Гульнар Жапиевнага, Исаков Алтынбек Асылбековичке жана Исакова Алина Асылбековнага мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 2,56 гектар, сугат үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Исаков Асылбек Тураровичке, Суйналиева Гульнар Жапиевнага, Исаков Алтынбек Асылбековичке жана Исакова Алина Асылбековнага жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 2,56 гектар сугат үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |