Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XV - сессия
2018-жылдын 13-августу № 43 / VII – XV - 3
Жаран Бахтияр уулу Адилеттин арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Букара айылынын, Осуке көчөсүнүн №47 үйүнүн тургуну Бахтияр уулу Адилеттин 2018-жылдын 09-августундагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү 4,0 гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Букара айылынын, Осуке көчөсүнүн №47 үйүнүн тургуну Бахтияр уулу Адилеттин 2018-жылдын 09-августундагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү 4,0 гектар айдоо үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Ильясова Димара Мусаевнага, Ильясова Чынара Тураровнага, Бахтияр уулу Адилетке жана Бахтияр кызы Бегимайга мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 4,0 гектар сугат үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Ильясова Димара Мусаевнага, Ильясова Чынара Тураровнага, Бахтияр уулу Адилетке жана Бахтияр кызы Бегимайга жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 4,0 гектар сугат үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |