Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XVI - сессия
2018-жылдын 17-октябры № 47 / VII – XVI - 1
Жаран Сыдыгалиев Сыргак Акышовичтин арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Букара айылынын, Осуке көчөсүнүн №51 үйүнүн тургуну Сыдыгалиев Сыргак Акышовичтин 2018-жылдын 08-октябрь айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, бир жерден колдонулуп жаткан, 4,0 (төрт) гектар айдоо сугат үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке а.шыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Букара айылынын, Осуке көчөсүнүн №51 үйүнүн тургуну Сыдыгалиев Сыргак Акышовичтин 2018-жылдын 08-октябрь айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, бир жерден колдонулуп жаткан, 4,0 (төрт) гектар айдоо сугат үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Сыдыгалиев Сыргак Акышовичке, Сыдыгалиева Умсунай Темиркуловнага, Сыдыгалиева Мария Сыргаковнага жана Сыргак уулу Саламатка бир жерден, мурдатан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 4,0 (төрт) гектар сугат үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Сыдыгалиев Сыргак Акышовичке, Сыдыгалиева Умсунай Темиркуловнага, Сыдыгалиева Мария Сыргаковнага жана Сыргак уулу Саламатка жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 4,0 төрт) гектар сугат үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |