Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XVI - сессия
2018-жылдын 17-октябры № 50 / VII – XVI - 4
«Алтын Жар” ЖЧК ишин кароо боюнча
“Алтын Жар” ЖЧКсы лицензиясын 08.08.2018 жылы алып даярдыктар көрүлүп казуу башталганга чейин сезон бүткөндүгүнө байланыштуу, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. 2018-жылга сезон бүткөндүгүнө байланыштуу иши токтотулсун.
2. 2018-жылдын 13-апрелиндеги Орто айылдык кенешинин №36/VII-XIV-1 токтомундагы 3-пунктундагы соц.пакет 2018-жылга каралбасын.
3. “Алтын-Жар” ЖЧК менен 2019 – жылга келишим түзүлсүн. Келишимде 1,5 млн соц.пакет каралсын.
4. “Алтын Жар” ЖЧКсына коюлган талаптардын аткарылышы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Арыков Э.У. жүктөлсүн жана Экономикалык өнүгүү жана агрардык реформа боюнча комиссиясынын төрагасы Ильясов Б. тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |