Загрузка документа…
ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыш XVII - сессия
2019-жылдын 28-январы № 60 / VII – XVII - 9
Жаран Асанов Шайлообек Аспековичтин арызын кароо боюнча
Чүй облусунун, Панфилов районунун, Вознесеновка айылынын, Центральная көчөсүнүн №77 үйүнүн тургуну Асанов Шайлообек Аспековичтин 2019-жылдын 28-январь айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, 1995-жылдан бери, бир жерден колдонулуп жаткан, 16,0 (он алты) гектар айдоо кайрак үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке а.шыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Вознесеновка айылынын, Центральная көчөсүнүн №77 үйүнүн тургуну Асанов Шайлообек Аспековичтин 2019-жылдын 28-январь айындагы “Үй-бүлөсүнө тиешелүү, 1995-жылдан бери бир жерден колдонулуп жаткан, 16,0 (он алты) гектар айдоо кайрак үлүш жерди Мыйзам чегинде жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.
2. Жарандар: Асанов Асыпбекке, Асанова Күкөн Жуматаевнага, Асанов Анарбек Аспековичке, Бообекова Эркебубу Качикеевнага, Асанов Эмирлан Анарбековичке, Асанов Эржан Анарбековичке, Асанова Айчолпон Анарбековнага, Анарбекова Айпери Анарбековнага, Асанов Шайлообек Аспековичке, Асанова Нурзада Шайлообековнага, Асанова Айзада Шайлообековнага, Асанов Нурмат Шайлообековичке, Асанов Калыбек Аспековичке, Джумабек кызы Оксанага, Калыбек кызы Альбинага жана Асанов Таалайбек Аспековичке бир жерден, 1995-жылдан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 16,0 (он алты) гектар кайрак үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.
3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Асанов Асыпбекке, Асанова Күкөн Жуматаевнага, Асанов Анарбек Аспековичке, Бообекова Эркебубу Качикеевнага, Асанов Эмирлан Анарбековичке, Асанов Эржан Анарбековичке, Асанова Айчолпон Анарбековнага, Анарбекова Айпери Анарбековнага, Асанов Шайлообек Аспековичке, Асанова Нурзада Шайлообековнага, Асанова Айзада Шайлообековнага, Асанов Нурмат Шайлообековичке, Асанов Калыбек Аспековичке, Джумабек кызы Оксанага, Калыбек кызы Альбинага жана Асанов Таалайбек Аспековичке жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 16,0 (он алты) гектар кайрак үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.
Орто айылдык кеӊешинин төрагасы: |
К.Мырзагелдиев |