Редакцияот 14.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН

ТОКТОМУ

Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги (кезексиз) XVIII сессиясы

 

2023-жылдын 14-мартындагы № 18-9

 

Кашкалак айылынын айыл башчысы М.Мүлүкбаевдин кайрылуусу жөнүндө

Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын,тогузунчу маселеси боюнча айыл кенештин төрагасы Э.Исманов Кашкалак айылынын айыл башчысы М.Мүлүкбаевдин кайрылуусу менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кашкалак айылындагы согуштун ардагерлерине курулган эстеликти ремонтоого жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20000 (жыйырма миң)сом ажыратууга макулдук берилсин.

 

2. Жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20000(жыйырма миң)сом акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы :

 

Э.Исманов