Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги (кезексиз) XVIII сессиясы
2023-жылдын 14-мартындагы № 18-8
“Медициналык борборунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында Бак-3 көчөсүнө асфальт төшөө” долбоорун областтык өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын,сегизинчи маселеси боюнча айылдык кенештин төрагасы Э.Исманов Келте айылында курулуп жаткан”Медициналык борборунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында Бак-3 көчөсүнө асфальт төшөө” долбоору менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келте айылында курулуп жаткан”Медициналык борборунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында Бак-3 көчөсүнө асфальт төшөө” долбоорун каржылоого областтык өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Келте айылында курулуп жаткан”Медициналык борборунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында Бак-3 көчөсүнө асфальт төшөө” долбоорунун каржылоого тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы : |
| Э.Исманов |